• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Баткен: Эки-Таш тилкесин сел суулары каптады

3 Чын куран 20239:25 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда Ош-Баткен-Раззаков жолун калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, Ош-Баткен-Разаков унаа жолунун Эки-Таш тилкесинде жаандан улам сел суулары каптаган.

«Кыргызавтожол мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө ишканасынан 1 бирдик жүктөгүч (погрузчик) тартылды. Ал эми Көк-Таш-Ак-Сай автожолунун 0-7 чакырым аралыгына келген селден улам каттам убактылуу токтоп, калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн №2 Жол тейлөө ишканасынан 1 авто жүктөгүч (погрузчик) жана 1 автогрейдер техникасы тартылды»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган тилкеде жол бир тараптуу ачык. Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 119