Жалал-Абадда 47 турак үйдүн короосуна кирген суулар тазаланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 26-марттан 27-мартка караган түнү облус аймагында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам Сузак районундагы Кызыл-Туу, Кыз-Көл, Сузак, Ырыс айыл аймактарындагы 41 турак үйдүн короосуна суу кирип, 30 гектар айдоо жерин суу алган. Андан сырткары Базар-Коргон, Жалал-Абад шаарындагы 6 турак үйдүн короосуна суу кирген.
«Учурда кырдаал туруктуу. ӨКМдин жана Жарандык коргонуу кызматтарынын техникалары тартылып, кооптуулук жарткан селден арыктарды бекемдөө иштери аткарылып жатат»,-деп айтылат маалыматта.