• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Сел жүргөн аймакка ӨКМ министри барды

3 Баш оона 2023 9:24 Бишкек Govori.TV

Нөшөрлөп жааган жаандан улам кокту-колоттордон келген сел суулары Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Байзак айылындагы 6 турак үйдүн жана Кең-Суу айылындагы 2 үйдүн жер төлөсүн каптаган. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка караганда, облуста жумушчу сапар менен жүргөн Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев аталган аймакка барып, абал менен жеринен таанышты.

«Жергиликтүү тургундар менен жолуккан министр түнү менен суу кирген үйлөрдүн жер төлөлөрү тазалана турганын, таң эрте жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары тартылып, жабыр тарткан башка турак үй жана айдоо талааларын аныктап чыгып, тиешелүү иштер жүргүзүлөт деп баса белгиледи. Ошондой эле аймактын эли Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар суроолоруна жооп ала алышты»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда жогорудагы айылдардагы турак үйдүн короо жана жер төлөсүн ӨКМдин куткаруучулары тазалоодо. Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 112