• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Баткен комфорт» базары сатыкка коюлат

23 Бугу 202415:40 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аскарбек Шадиевге таандык делип, кийин мамлекетке өткөн «Баткен комфорт» базары аукционго коюлат. Бул тууралуу Мүлк фондунан билдиришти.

Аукцион 29-майда саат 10:00до auctionetp.gov.kg. порталында жүргүзүлөт. Ага катышуу үчүн аталган порталга катталып, электрондук арызды тиешелүү документтерди тиркеп, толтуруу зарыл. Ошондой эле мүлктүн баштапкы баасынын 10% өлчөмү кепилдик төлөм катары төлөнүшү керек.

Обьектинин баштапкы баасы 422 млн 776 миң сом. Курулуш материалдары сатылган «Баткен комфорт» базары 2,9 гектар жерде жайгашкан.

Количество просмотров: 199