• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектин базарларында арзаныраак эт саткан аянтчалар ачылды

11 Тогуздун айы 202411:46 Бишкек Govori.TV

Бишкектин базарларында ортомчусуз эт сатып алуу үчүн социалдык аянтчалар уюштурулду.

Республика боюнча эттин баасын турукташтыруунун алкагында, Бишкек шаарындагы бардык азык-түлүк базарларында уй эти, майда жандыктардын жана жылкы этин социалдык аянчалардан сатып алуу пункттары уюштурулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Айыл чарба министрлиги шаар тургундарын жана конокторун «Аламүдүн», «Орто-Сай», «Ош», «Чынар», «Ак-Эмир», «Дордой Моторс» базарларынан социалдык аянтчадан этти ортомчусуз мал ээлеринин баасында сатып алууга чакырат.

Количество просмотров: 334