• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

УКМК: Жалал-Абадда базар комплексинин ээси кирешесин жашырган

15 Үчтүн айы 2024 14:10 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарындагы соода-базар комплекстеринин биринин ээси ижара акысын негизсиз жогорулатып, кирешесин жашырганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан алдамчылык жана салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча Жалал-Абад шаарындагы соода-базар комплекстеринин биринин ээси КР жараны И.Н.А. кармалган.

И.Н.А. бир нече жылдан бери соода түйүндөрүнүн ижарачыларынын оор абалынан пайдаланып, ижара акысын системалуу түрдө бир тараптуу жогорулатып, макул болбогон ижарачыларды ортодогу келишимди бузуу коркунучу менен алар төлөгөн ижара акысынын иш жүзүндөгү баасын жашырууга мажбурлаганы аныкталды.

Ошентип, ал салык отчетторунда азайтылган ижара суммаларын көрсөткөн. Бул жагдайлар боюнча УКМКга соода түйүндөрүнүн ижарачыларынан бир нече жамааттык кайрылуулар келип түшкөн.

Узак убакыттан бери жүрүп жаткан схемадан улам айыпталуучу И.Н.А. соода түйүндөрүнүн ижарачылары менен салык органдарынын ортосунда ортомчу болуп, соодагерлер тарабынан төлөнгөн салык төлөмдөрүн алдоо жолу менен өзүнө ыйгарып турган.

Салыктык текшерүүнүн жыйынтыгында, жеке кызыкчылыгын көздөгөн аракеттердин жана туруктуу коррупциялык схеманын натыйжасында базардын ээси мамлекеттик бюджетке 10 млн сомдон ашык зыян келтиргени аныкталган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда (“Алдамчылык, башкача айтканда алдоо же ишенимин кыянаттык менен пайдалануу жолу менен өзгөчө ири өлчөмдөгү башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуу”) каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголду.

Бул иш КР президентинин “2024-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө” жарлыгынын бардык талаптарын сактоо менен козголгон, анткени ишкердик жүргүзүүчү субъект тарабынан КР мыйзамдарын бузуунун конкреттүү фактылары аныкталган.

Кармалган И.Н.А. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 100