• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Баткен облусуна бир катар чектөөлөр киргизилди

28 Аяк оона 2020 12:47 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун аймагында коронавирус оорусуна байланыштуу, эпидемиологиялык кырдаал курч болуп жаткандыктан, облустук штабдын чечими менен дагы бир катар чектөөлөр кабыл алынды.

28-сентябрдан тарта облустар жана райондор аралык, ошондой эле райондук, шаардык ички коомдук транспорттордун каттамы убактылуу токтотулду.

Мал базарлардын иши убактылуу токтотулду.

Мечиттерде жамаат менен жума намаздарын окуу убактылуу токтотулду, күндөлүк беш убак жана жума намаздарын үй шартында окуу сунушталат.

Облуска катуу көзөмөлдөгү беткап режими киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун аймагына, чек арадан өтүп жаткан Өзбекстан жана Тажикстан Республикаларынын жарандарын, акыркы үч күндө алынган ПЦР-анализинин терс жыйынтыгы менен киргизүү чечими кабыл алынды.

Базарларда, соода борборлорунда, дүкөндөрдө, тамактануучу жайларда, коомдук жайларда санитардык талаптардын аткарылышы боюнча күн сайын рейд жүргүзүү жана дезинфекциялоо иштерин күчөтүү, баш ийбегендерге чара көрүү боюнча район, шаар башчылары милдеттендирилди.

Ошондой эле шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзүүдө, партиялардын санитардык эрежелерди, маска режимин, социалдык аралыкты сактоону көзөмөлдөөнү күчөтүү, ал эми белгиленген талаптарды бузгандарга чара көрүү тапшырмасы берилди.

Количество просмотров: 213