• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Баткен районунда заводдогу өрттөн 2,5 тонна асфальт жана 3 тонна кара чыйыр күйдү

28 Аяк оона 201812:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.09.2018. Govori.TV

Өлкө боюнча бир сутканын ичинде 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма- сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 4, Ош шаарында 2, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Баткен районуна караштуу Кара-Булак айыл аймагында өрт кырсыгы катталды. Анда айыл-чарба тилкесинде жайгашкан асфальт чыгаруучу заводдо 2 жарым тонна асфальт жана 3 тонна кара чыйыр (битум) күйгөнү белгилүү болгон. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.

Количество просмотров: 40