• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Баткен шаарында мыйзамсыз берилип кеткен жерлер кайтарылды

4 Чын куран 2022 12:01 Бишкек Govori.TV

Баткен областтык прокуратурасы тарабынан Баткен шаарынын мэриясы мыйзамсыз ажыратып берген 5 га жана 0,15 га жер тилкелер кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, текшерүүдө Баткен шаарынын мэриясынын 2005-жылдагы токтому менен К.С. жана К.А. аттуу жарандарга жалпы 5,15 га муниципалдык жер тилкелер мыйзамсыз менчикке бөлүнүп берилгендиги аныкталган.

Прокуратура тарабынан жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу жөнүндө сотко келтирилген доо арызы толук канааттандырылган.

Аталган жер тилкени мамлекетке кайтаруу максатында Баткен шаардык мэриясына прокурордук талап келтирилип, 2 млн 900 миң сомдук жер тилкелер мэриянын балансына кабыл алынды.

Количество просмотров: 56