• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Баткен: Жарандар туруктуу жайгашкан жерлерине кайтууда

25 Аяк оона 202214:19 Бишкек Govori.TV

Баткендин чек арадагы каргашада үй-жайын таштап чыгууга аргасыз болгон тургундарынын айрымдары үйлөрүнө кайта баштаганын 25-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеме тараткан маалыматка караганда, эвакуация болгон 137 миңдей кишинин 80 миңден ашууну туруктуу жайгашкан жерлерине кайтууда.

«Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 48 652 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 3 414 жаран эвакуациялык пункттарда, 3 895 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. 80 809 жаран туруктуу жайгашкан жерлерине кайта баштады. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган», — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 86