• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Баткенде 10 гектар жайыт жер мыйзамсыз менчиктештирлип кеткени аныкталды

21 Бирдин айы 2022 11:47 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Х.С. аттуу адамга 19 млн 200 миң сомго бааланган 10 гектар айыл чарба жерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берген. Натыйжада жайыт бузулуп, мамлекетке 464 миң 400 сом зыян келген.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз берген кызмат адамдары кылмыш жоопкерчилигине тартылып, келтирилген зыян толугу менен мамлекетке кайтарылды.

Количество просмотров: 132