• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Баткенде 14 жаштагы кыз киши колдуу болду. Окуянын чоо-жайы

5 Аяк оона 2022 20:49 Бишкек Govori.TV

Кадамжайда 14 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Маалыматты Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 4-сентябрь күнү саат 15:25 чамасында Кадамжай РИИБге телефон аркылуу Кадамжай районунун Ноогардан айылында жайгашкан бакчада белгисиз аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы маалымдалган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, төмөнкүлөр аныкталган.

«4-сентябрь күнү саат 15:25 чамасында Кадамжай районунун Алга айылынын тургуну Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош-Раззаков автожолунун 146-чакырымында өзүнүн малын багып жүрүп, сел өтүүчү тюнелдин ичинде белгисиз аял кишинин жансыз денеси жаткандыгын көрүп, 112 кызматына кабар берген. Окуя болгон жерге кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болуп өлтүрүлгөн белгисиз аял кишинин жансыз денеси табылган. Анын өздүгүн тактоо учурунда ал, Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургуну 2008-жылы туулган кыз К.А. экендиги аныкталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган»,-деп жазылат маалыматта.

Жогорудагы факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту менен каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургундары 1997-жылы туулган М.Ш. 1995-жылы туулган Г.Д., жана 1998-жылы туулган А.у.С. аттуу жарандар кармалып убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал эми, кылмыш иши боюнча далилдерди алуу максатында Кадамжай районунун тургуну 1995-жылы туулган Г.Д. аттуу шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, анын “Хундай-Соната” үлгүсүндөгү далил катары алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 3808