• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Баткенде 2 унаа күйүп кетти. Кырсыктан каза болгондор бар

3 Чын куран 2023 9:58 Бишкек Govori.TV

Ош – Баткен –Раззаков автожолунун 149-чакырымында (Алга тилкесинде) эки автоунаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Govori.TVга Баткен ОИИБинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык 2-апрель күнү болгон. Анда Opel Vectra үлгүсүндөгү унаа менен Toyota 4Runner кырсыктап, жерине 1 өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Өрт саат 17:21де толугу менен өчүрүлгөн.

«Кырсыктын кесепетинен Opel Vectra автосундагы эки адам каза болуп, дагы экөө жабыркаган”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 278