• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Баткенде 34 жаштагы аял коронавирустан айыкты

3 Чын куран 202023:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-апрелде Баткен облустук ооруканасынан COVID-19 диагнозу менен жаткырылган аял илдетинен айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Рспубликалык штаб билдирет.

Бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда, кайрадан алынган ПЧР анализи коронавирустун жок экенин көрсөткөн.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 5 бейтап айыккандыгы айтылган.

Кыргызстанда COVID-19 учурлардын жалпы саны-130, 4 бейтап оор абалда турат, анын ичинен 1 бейтап жасалма өпкө желдетүүдө турат.

Республикада коронавирус менен бейтаптын биринчи өлүмү катталды. 2-апрелде Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап каза тапты. Ал 18 мартта ооруканага жаткырылган.

Количество просмотров: 308