• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Баткенде 90 жаштагы адамдын үйү тонолду

22 Баш оона 202415:33 Бишкек Govori.TV


Баткен районунун Алты-Адыр айылынын 90 жаштагы тургуну Ташбүбү Абилованын үйү тонолгон. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 20-августта Т. Абилова майыптуулугу бар кызы менен ооруканага кеткен. Үйдүн терезелери ачык калган. Үйгө кирген уурулар эмеректерди, казан, ашкана мешин, жана 2 миң сомун уурдап кетишкен.

90 жаштагы Т.Абилова майыптуулугу бар кызы менен жаңы үйгө жакында эле көчүп кирген.

Ууруларды издөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 145