• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ташиев: «Күнөөсүздөрдү күнөөлүү кылып алып келген жыйынтыгыңардын кереги жок»

2 Үчтүн айы 202513:25 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармак аркылуу жасаган билдирүүсүндө укук коргоо органдарында жана сот системасында иштеген кызматкерлерге да кайрылып, жарандарды негизсиз күнөөлөгөндөргө же чагым уюштургандарга катуу чара көрүлөрүн эскертти.

“Мындан ары ким күнөөсүз жаранды күнөөлөп, артынан түшүп чара көрүүгө аракет кылса, биз ага мыйзам чегинде катуу жазаларды беребиз. Урматтуу кызматкерлер, ошол адамдарга жалаа жаап, артынан түшүп, жок жерден күнөөлүү кылып алып келген жыйынтыгыңардын бизге кереги жок. Муну Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы жана укук коргоо органдарынын куратору катары айтып коёюн”, — деген Ташиев.

Количество просмотров: 468