• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Баткенде аялын токмоктоп өлтүрдү деген жаран эки айга камалды

6 Үчтүн айы 2020 14:37 Бишкек Govori.TV

Баткенде аялын токмоктоп өлтүргөнү кабарланган киши эки айга камакка алынып, ал боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык ушул жылдын 4-январына караган түнү аялын токмоктоп өлтүргөн деген шек менен Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын 31 жаштагы тургуну кармалган. Ал алгачкы көрсөтмөсүндө алты жылдан бери чогуу жашаган аялы менен кер-мур айтышып сабап койгонун айткан.

Маркум келин ооруканага 4-январга караган түнү түшкөндө эле жансыз болгон. Ыкчам тергөө тобу маркумга кароо жүргүзгөн. Келиндин колдору, буттарында күйүктөн териси шылынган жерлери бар экени аныкталган. Келиндин сөөгү жерге берилди.

Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130 беренеси («Киши өлтүрүү») менен катталып, иликтөө иштери башталды.

Количество просмотров: 172