• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Баткенде базар өрттөндү

21 Бугу 20249:41 Бишкек Govori.TV

Баткенде «Баяман баатыр» базарындагы өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Алдын ала маалымат боюнча, Кадамжай районунун И. Полотхан айылында жайгашкан “Баяман баатыр” базарында өрт чыккандыгы тууралуу саат 4:29да маалымат түшкөн. Жеринде жалпы 4 күжүрмөн эсепте 20 өрт өчүрүүчү кызматкерлер иш алып барып, саат 5:36да чектөөгө алынган тилсиз жоо саат 6:54тө толугу менен өчүрүлдү.

Учурда өрттүн чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталууда.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 104