Баткенде билим күнүндө төрт типтүү мектеп пайдаланууга берилди
Баткенде билим күнүндө төрт типтүү мектеп пайдаланууга берилди
1 Аяк оона 202312:21 Бишкек Govori.TV
Баткен облусунда быйылкы 2023-2024-жаңы окуу жылына карата төрт типтүү мектеп ачылып, пайдаланууга берилүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Алар:
Кадамжай районунун Кайтпас айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби;
Исхак Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылындагы Жусуп Баласагын атындагы орто мектеби;
Баткен районунун Орто -Боз айылындагы Ж.Момунов орто мектеби;
Кыштут айылындагы Кыштут орто мектеби.
Мындан сырткары, дагы үч мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берүү алдында турат.
Алар;
Көк-Таш айылындагы Көк-Таш башталгыч мектеби;
Кара-Бак айылындагы Бото Нарматов орто мектебинин кошумча имараты;
Кызыл-Бел айылындагы Масалиев орто мектебинин кошумча имараты.
Ошондой эле быйылкы окуу жылына карата Лейлек районунда Борбордук жана Максат орто мектептери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.
Учурда облуста жалпы 34 билим берүү мекемесинин курулушу жүрүүдө, анын 25и мектеп, 9у балдар бакчасы.