• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Баткенде эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө жөнөтүлдү

9 Бугу 2021 10:54 Бишкек Govori.TV

Облустагы кырдаалга байланыштуу түзүлгөн облустук штабдын чечимине ылайык, бүгүн 9-майда, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуулардан улам, коопсуз жайга чыгарылган тургундар үчүн атайын транспорттор уюштурулуп, үйлөрүнө жөнөтүлдү. Бул тууралуу КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Баткен шаарында 9 пунктта жайгашып турган Баткен районунун жарандары менен Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жолугуп, учурда абал турукташканын, чек ара аймактарында күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын айтып, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык чаралар көрүлүп жатканын, турак жайсыз калган үй-бүлөлөргө убактылуу үйлөр курулуп даярдалганын билдирди.

Учурда аймакта калыбына келтирүү жумуштары башталган, биринчи кезекте жарандарды турак жай менен камсыздоо аракеттери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек 28-29-апрелде болгон чек арадагы окуядан, облуста акыркы такталган маалыматтар боюнча 40 миң 649 адам көчүрүлгөн болсо, анын 16 миң 147 аялдар, 23 миң 931 балдар.

Ал эми Баткен району боюнча 14 миң 361 жаран, Лейлек району боюнча 26 миң 288 адам эвакуацияланган болчу.

Количество просмотров: 145