• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Баткенде үйлөр бүтпөй калды. Депутаттар эмне дейт?

28 Бештин айы 2022 17:24 Бишкек Govori.TV

Баткенде чек ара каргашасында талкаланган 400дөн ашуун үйдөн бүгүнкү күнгө карата экөө курулуп бүткөнү 27-декабрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Нуртазин Жетибаевдин айтымында, 420 үй жабыркаганы аныкталган (бирөө Баткен шаарында, 315 үй Баткен районунда жана 104ү Лейлек районунда), алардын 416сы боюнча курулуш иштери жүрүүдө.

Депутат Тазабек Икрамовдун курулуш иштери качан башталганы жана канча үй курулганы тууралуу суроосуна жооп берип жатып Жетибаев октябрь айынан бери эки объект бүткөрүлгөнүн, 121 үйдүн дубалдары тургузулганын, 74 үйдүн чатыры жабылып жатканын, 9 үйдүкү жабылып бүткөнүн билдирди.

Жыйында курулуш иштерин «Аманат Курулуш Инвест» ишканасы жүргүзүп жатканы, Каржы министрлиги 1 миллиард 400 миллион сом бөлүп бергени айтылды.

Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин айрым эл өкүлдөрү өз пикири менен бөлүштү.

Толугу менен бул жактан көрүңүз:

Количество просмотров: 1787