• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Баткенде депутаттын агасы гашиш менен кармалды

11 Тогуздун айы 2019 16:38 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында гашиш баңгизатын алып жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын 54 жаштагы жашоочусу М.у.Ж аттуу жаран текшерилип, жанынан өзгөчө жыты бар жашыл түстөгү зат алынган. Алынган затка экспертиза дайындалып, ал гашиш баңгизаты экендиги аныкталды. Аталган факты боюнча КРнын Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Кармалган жаран Кызыл-Кыя ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Ошол эле күнү Кызыл-Кыя шаарында мурда баңгизатка байланышкан берене менен бир нече жолу соттолуп, азыркы учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кызыл-Кыя шаарындагы №43 жатак абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан, Кызыл-Кыя шаарынын 49 жаштагы тургуну Б.С. кармалды. Анын жанынан да өзгөчө жыты бар жашыл түстөгү зат алынган. Ал зат экспертизанын корутундусуна ылайык гашиш баңгизаты экендиги аныкталды. Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Б.С. убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Айрым маалыматтарга караганда, кармалгандардын бириси Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутатынын бир тууган агасы экендиги айтылууда.

Количество просмотров: 232