• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баткенде көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 6 адам куткарылды

18 Бештин айы 202422:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 18-декабрда саат төрттөн өткөндө Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиева көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө шаардык №62 ӨКБнөн 1 бөлүм атайын өрт өчүрүүчү унаа менен чыгып, саат алтыга жакын толугу менен өчүрүүгө жетишкен. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Үчүнчү кабаттагы батирден чыккан өрт учурунда үй ээлери сыртка чыгууга жетишип, бирок коридор аркылуу тараган түтүндөн чыга албай калган төртүнчү кабаттын жашоочулары, тактап айтканда 2 аял жана 4 баласы куткаруучулар тарабынан куткарылып, «тез жардам» кызматына өткөрүп берилген.

Куткарылган жарандардын абалы жакшы.

Ал эми өрттүн жалпы аянты 24 чарчы метрди түзүп, учурда тилсиз жоонун чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 136