• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Баткенде кайсы жолдор ачык? (тизме)

18 Аяк оона 202213:46 Бишкек Govori.TV

Транспорт жана коммуникациялар министринин басма сөз катчысы Кылыч Досумбетов Баткен облусундагы кайсы жолдор ачык жана жабык экендиги тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, Баткен облусунун Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 211-220-чакырымы (Чоң-Талаа), 265-чакырымы (Кара айыл), 272-чакырымы (Төрт-Көчө) жана Баткен-Кара-Бак, Баткен-Кызыл-Бел, Көк-Таш-Ак-Сай автожолунун жети чакырымы аралыгында көпүрө жараксыз абалга келгендигине байланыштуу унаа жолдогу каттам жабылган.

Ошондой эле, Лейлек районунун Кайрагач-Кулунду-Арка унаа жолу, эски багыттагы Ош-Баткен-Исфана жолунун 340-346 чакырым аралыгы жабылган.

Төрт-Кул-Достук (Кара-Бак айылы), Ак-Сай-Рават, Миң-Булак-Чорго-Ак-Сай, Кок-Таш-Ак-Терек эвакуациялык жолдор ачык, каттам бар.

Количество просмотров: 150