Баткен облусунун Сауд Арабиясынан келип, карантинге алынган 8 тургунунун анализинен коронавирус табылган жок. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.
Бул сегиз жаран Сузак районундагы коронавирус оорусу табылган үч жаран менен чогуу бир авиакаттамда Кыргызстанга келишкен болчу.