Баткен шаарында кийим уурдаганга шектелип 6 жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Бужум айылынын 30 жаштагы тургуну Баткен шаарындагы эркек кишилердин кийимин сатуучу дүкөнүнөн белгисиз жарандар тарабынан 2023-жылдын 17-февралынан 18-февралына караган түнү жалпы суммасы 470600 сомдук болгон сатыкта турган кийим-кечелерин уурдалып кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган.
Бул арыз Баткен ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, Баткен ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүрө баштайт.
«Ыкчам-иликтөө иш-чарасынын негизинде 2023-жылдын 9-март күнү Баткен шаарынын 18жаштагы беш тургуну жана 17жаштагы бир тургуну аныкталып, кармалды. Кармалган учурда алардын жанынан далилдүү буюм катары кийим-кечелер алынган. Бүгүнкү күндө 18 жаштагы 5 жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда «,-деп жазылат маалыматта.