• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баткенде ӨКМдин кызматкери мыкаачылык менен өлтүрүлгөн

17 Аяк оона 202217:08 Бишкек Govori.TV

Баткенде ӨКМдин кызматкери өз милдетин аткарып жаткан учурда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

“Кечээ бир кызматкерибизди жоготтук. Ал өзүнүн кызматын аткарып жаткан жеринен мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Ага карабастан биздин кызматкерлерибиз өз милдеттерин аткарып жатат”, — дейт министр.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан 122 кыргызстандык жабыркап, 24 жаран мерт кетти.

Количество просмотров: 2880