• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баткенде коомдук транспорттордун иштөөсүнө уруксат берилди

10 Баш оона 202013:27 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда район, шаар аралык коомдук транспорттордун иштөөсүнө уруксат берилди. Мындай чечим облустук штабдын отурумунда кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, айдоочулар жана жүргүнчүлөр бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды так сакташы керек.

«Автотранспорт агенттигинин жетекчилигине коомдук транспорттордо санитардык норманы сактоо боюнча айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, автотранспортторду байма-бай дезинфекциялоо, алардын ишине такай рейддерди жүргүзүп туруу тапшырмалары коюлду»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 79