• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жыл башынан бери Бишкекте коомдук транспорт катышкан 34 кырсык катталды

4 Жалган куран 202517:40 Бишкек Govori.TV

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, “Коомдук транспорт” аталышындагы рейддик иш-чаранын алкагында кайгуул кызматкерлери жол эрежелерин бузган автобустарга тийиштүү протоколдорду толтуруу менен бирге, аларга жүргүнчүлөдү салуу жана түшүрүү үчүн шарттарды түзүп, аялдамаларды тазалап беришүүдө.

Кошумчалангандай, жыл башынан тартып, Бишкек шаарынын аймагында коомдук транспорттордун катышуусунда 34 жол кырсыгы катталып, 50 жаран түрдүү жаракаттарды алып, 1 жаран көз жумган. Мындай жол кырсыктарынын алдын алуу максатында мындан ары коомдук транспорттордун ишмердүүлүгүнө көзөмөл күчөтүлөт.

Количество просмотров: 165