• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Баткенде коронавирус учурлары катталдыбы?Министрлигинин жообу

6 Бирдин айы 2020 13:20 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус учурлары катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, социалдык тармактарда Баткен облустук биргелешкен ооруканасына коронавируска күмөнү бар эки жаран алынып келди деп таратылып жаткан маалымат туура эмес. Учурда коронавирус илдетин жуктуруп алган учурлар катталган жок. Өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу.

«Кытайдан Кыргызстанга Тажикстан аркылуу эки адам келгендиктен, санитардык-карантиндик бөлүмдүн кызматкерлери, Саламаттык сактоо министрлигинде бекитилген иш-аракеттер жадыбалына ылайык, аларды көзөмөлгө алуу үчүн саламаттык сактоо мекемесине алып келген. Алардын абалы канааттандырарлык», — деп билдиришти министрликтен.

Министрликтен билдиришкендей, вирусологиялык текшерүү үчүн анализ алынып, анын жыйынтыгы менен эксперттик комиссия кийинки медициналык көзөмөлдүн болор-болбосун чечет.

Количество просмотров: 352