• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баткенде коронавируска шектелген 2 адам ооруканага жаткырылды

6 Бирдин айы 202010:33 Бишкек Govori.TV

5-февралда Баткендин «Кызыл-Бел» чек ара өткөрүү пунктунан коронавируска шектелген 2 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, коронавирус менен ооруп калышы мүмкүн экендиги айтылган эки жаран буга чейин 14-январда Кытай мамлекетинин Улуу-Чат айылына барып келишкендиги такталды. Ал жактан келгенден соң 21-январда Ош облусунан Баткенге келип, андан ары Тажикстанга кетишкен. 5-февралда Тажикстандан кайтып келе жатышканда «Кызыл-Бел» өткөрүү постунан тепловизор алардын дене табы көтөрүлүп тургандыгын аныктаган, мындан улам алар ооруканага жаткырылган.

Количество просмотров: 4612