Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2022-жылдын 21-26-июлунда Кыргыз Республикасынын Баткен шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматын кабарлады.
Тараптар кезектеги жолугушууну Тажикстан Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты.
Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү манайында өттү.