• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Баткенде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тактоо боюнча жыйын өттү

18 Баш оона 202419:35 Бишкек Govori.TV


Баткенде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын жумушчу топторунун жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 11-17-август аралыгында Баткен облусунун Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү. Иш-чара кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине арналды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар талкууну улантып, калган тилкелерде мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн сыпаттоо боюнча пикир алмашышты. Тажикстанда өтө турган кийинки жолугушууда ушул маселелерди улантуу чечими кабыл алынды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар тиешелүү протоколго кол коюшту. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү, бул эки тараптын тең конструктивдүү диалогго умтулуусун айгинелейт.

Количество просмотров: 165