Баткен облусунун Кадамжай районунда турак жай өрттөнүп, бир киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 16-ноябрда Кадамжай районун Шакшак айылындагы турак жайлардын биринен өрт чыгып, үй толугу менен күйүп кеткен. Өрттөн 46 жаштагы киши көз жумган.
Маркумдун жансыз денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда өрттүн себеби такталууда.