• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баткенде сарай күйүп кетти

1 Бирдин айы 20229:30 Бишкек Govori.TV

Баткен районунун Чет-Кызыл айылында сарайдын чатыры толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылып, саат 20:35те толук өчүрүүгө жетишкен.

«Тилсиз жоонун кесепетинен сарайдын чатыры толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн жалпы аянты 80 чарчы метрди түзүп, 16 даана шифер, 14 даана темир лист, 500 таңгакталган чөп чыгымга учураган»,-деп айтылат маалыматта.

Жабыр тарткандар жок.

Количество просмотров: 49