• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Баткенде талкаланган турак жайларды оңдоого 700 млн. сом бөлүндү

4 Бугу 2021 0:03 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында талкаланып, өрттөлгөн имараттарды калыбына келтирүү иштерине 700 миллион сом бөлүндү. Анын 500 миллион сому социалдык объектилерди курууга жана ремонттоого жумшалат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдирди.

Анын айтымында, калган 200 миллион сому талкаланып, өрттөлгөн турак жайларды калыбына келтирүүгө багытталат. 

«Ар бир айтылган маселе кароосуз калбайт, айрым көтөрүлгөн маселелер боюнча иштер жүргүзүлүп баштады. Калыбына келтирүү иштерине 700 млн сом бөлүнгөн, анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жана ремонттоого жумшалат, ал эми калган 200 млн сому талкаланган жана өрттөлгөн турак-жайларды калыбына келтирүүгө багытталат. Учурда келтирилген зыян көлөмүн баалоо боюнча атайы комиссия иш алып барууда, анын ишинин жыйынтыгы боюнча биз калыбына келтирүү ишинин активдүү фазасына киришебиз», — деди ал. 

Баткен облусунда бир катар социалдык объектилерди куруу пландаштырылууда. Атап айтканда, Кызыл-Бел, Ак-Сай, Моргун жана Борбордук айылдарында типтүү жалпы билим берүү мекемелери курулат, Максат айылында өрттөнүп кеткен мектеп калыбына келтирилип, бала бакча курулат, ошондой эле Кулунду айылында мектепке чейинки балдар мекемеси курулат. Мындан тышкары, бөлүнгөн каражаттар жаңы жолдорду курууга жана Миң-Булак – Чорго – Ак-Сай, Кок-Таш — Ак-Сай –Тамдык жолдорун оңдоого жумшалып, Ак-Сай — Рават, Кулунду – Максат — Арка, Чайхана – Ак-Сай, Кызыл-Бел – Достук жолдоруна асфальт төшөлөт.

Количество просмотров: 124