Баткенде турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-май күнү түнкү саат 3:18де Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылында турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине саат 3:20да Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Ак-Сай айылындагы №106 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп, саат 3:52де кошумча күч катары Самаркандек айылындагы. №31 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылды.
Таңкы саат 4:15те курчоого алынган тилсиз жоо саат 5:12де толугу менен өчүрүлдү. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.