• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Баткенде УКМКнын кызматкерлерине батирлердин ачкычтары тапшырылды 

22 Тогуздун айы 202210:46 Бишкек Govori.TV

Баткен шаарында капиталдык оңдоо иштери аяктагандыгына байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине 16 кызматтык батирдин ачкычын тапшыруу иш-чарасы өттү.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, УКМКнын Баткен облустук башкармалыгынын жетекчилиги жана жеке курамы катышты.

Ташиев белгилегендей, мамлекет мындан ары да республиканын алыскы аймактарында кызмат өтөп жаткан КРнын аскер кызматкерлеринин социалдык-турмуштук шарттарын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлөт.

Количество просмотров: 102