• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Баткенде өздөрүн «элдик кошуун» деп атаган 6 жаран суракка чакырылды

27 Теке 2021 9:54 Бишкек Govori.TV

Майда ээнбаштык жана бөтөн мүлктү жок кылуу фактылары боюнча Ак-Татыр айылынын 6 тургуну Баткен райондук ички иштер башкармалыгына чакыртылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Ак-Татыр айылында Ош-Исфана автожолунда элдик кошуундардан түзүлгөн топ 2021-жылдын 21-июль күнү болжол менен саат 13.30дар чамасында Исфана багытын көздөй бара жаткан “Спринтер” үлгүсүндөгү кичи автобусту токтотушкан. Ал унаа токтобой кеткенде артынан “Ауди” үлгүсүндөгү унаа менен Ак-Татыр айылынын 4 тургуну кууп барып, “Спринтер” үлгүсүндөгү унааны кысып токтотушкан. “Спринтер” үлгүсүндөгү унаада Бишкек шаарындагы Дордой базарынан Лейлек районуна алып бара жаткан кийим-кечелер болгон.

Бул факт Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси («Майда ээнбаштык») менен катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле Лейлек районунун Арка-2 айылынын 32 жаштагы К.А. аттуу тургуну 24-июль күнү өзүнүн “Спринтер” үлгүсүндөгү унаасына 600 кг жүзүм, 600 кг алма жүктөп, Бишкек шаарына алып жөнөп болжол менен саат 23.30дар чамасында Ак-Татыр айылында турган элдик кошуундар унааны токтотуп, жемиштер Тажик Республикасынан аткезчилик жол менен бара жатат деп айдоочуну тилдеп, уруп 600 кг жүзүмдү дарыяга агызып жиберишкен.

Бул факт Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси («Майда ээнбаштык») менен катталып, текшерүү иштери башталган.

25-июлга караган түнү Ош-Исфана унаажолундагы Ак-Татыр айылында элдик кошундар Лейлек районунун Маргун айылынын 35 жаштагы А.Ө. аттуу тургунун “Мерседец-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү автоунаасын токтотуп, унаанын ичиндеги 2-2,5 тонна жүзүмүн аткезчилик жол менен келе жатасын дешип, “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү 2 унаага жүктөп, жүзүмдөрдү жок кылып жиберишкен.

Бул факты Баткен РИИБнин КЖБРне КР Жазык кодексинин 210-беренеси («Бөтөн мүлктү жок кылуу») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жогорудагы фактылардын негизинде бүгүнкү күнү Ак-Татыр айылынын 6 тургуну Баткен РИИБне суракка чакыртылган.

Количество просмотров: 207