• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Чек ара: Баткен жана Согди облусунун башчылары жолукту

24 Бугу 2023 14:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 24-майда кыргыз-тажик чек арасында КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода баштаган жетекчилердин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо,коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, провакациялык маалыматтарга жол бербөө сүйлөшүлдү. Ошону менен катар чек ара аймактарында учкучсуз аппараттарды (дрон) учурбоо макулдашылды.

Аны менен катар чек ара айылдарында сугат сууну өз ара макулдашуу менен пайдалануу, пикир келишпестиктерге жеткирбөө жагы сүйлөшүлдү.

Количество просмотров: 72