• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

3 тоннадай лимонду мыйзамсыз ташып бараткан жаран кармалды

1 Бирдин айы 2023 17:02 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда «Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери салмагы дээрлик 3 тоннаны түзгөн лимонду аткезчилик жол менен ташып бараткан жаранды кармашты. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен облусунун Караван айылында Кыргызстандын жараны М.М.дин (башкы тамгалар өзгөртүлдү) башкаруусунда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган.

«Бажылык текшерүүдө жалпы салмагы 2775,5 кг түзгөн лимондор табылган. Жүк бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 138 миң 775 сомду түздү»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча материалдар кароо боюнча чечим чыгаруу үчүн «Оперативдүү» бажысынын Бажылык териштирүү тобуна өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 114