• Бейшемби 18 Кулжа 2026
  • Четверг 18 Июнь 2026

Баткенде үзгүлтүксүз байланышты камсыздоо боюнча иштер жүрүүдө

17 Аяк оона 202218:09 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда үзгүлтүксүз байланышты камсыздоо боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

«Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы, байланыш операторлору күнү-түнү иштеп, Баткен облусунун аймагында байланыш кызматтарын көрсөтүү боюнча кырдаалга мониторинг жүргүзүүдө. Электр энергиясынын жетишсиздигинен көптөгөн объектилер дизелдик генераторлор жана аккумуляторлор менен иштеп жатат», — деди Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Мамбеткадыров Айдарбек.

Министрдин орун басары белгилегендей, коммуникацияларды камсыздоодо кыйынчылыктар ок атылып жаткан аймактарда гана жаралат, жол ачылып, авариялык-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 129