• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Баткенде жер титирөө катталды

27 Бештин айы 20249:38 Бишкек Govori.TV

26-декабрь күнү саат 23:22де Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык бүгүн, жер титирөөнүн күчү очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Кадамжай районунун Лангар айылынан түндүк-чыгышка карай 6 чакырым, Эгин-Жай айылынан түштүк-чыгышка карай 7 чакырым, Кара-Оток айылынан түштүк-батышка карай 15 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-батышка карай 95 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Лангар айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 172