• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Баткендеги бажыканадан аткезчилик жол менен алынып келинген дары-дармектер табылды

4 Баш оона 202413:02 Бишкек Govori.TV


Баткен бажысында контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери, Баткен облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик транспорт кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыл башынан бери бажы кызматы 17 унааны мамлекеттин кирешесине алып койгон
Иш-чаранын жүрүшүндө Ж.О.И аттуу кыргызстандыктын башкаруусундагы «Опел-Астра» үлгүсүндөгү унаа Баткен-Ош багытында бара жаткан жеринен токтотулуп, текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жыйынтыгында унаанын жүк коюучу бөлүгүнөн жана салонунан 14 кутуча дары-дармектер жүк ташуу документтери жок Тажикстандан мыйзамсыз чыгарылган.

Мыйзам бузуу фактысы каттоого алынып, чогултулган материалдар андан ары өндүрүш үчүн Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 96