• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Баткендеги медиа борбордун имаратынын курулушунан 11 млн сом кымырылган

15 Жетинин айы 2021 10:44 Бишкек Govori.TV

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан мамлекеттик бюджетке 12 млн сомдон ашуун зыян келтирилген факты аныкталды. Бул тууралуу Прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары өткөрүлгөн тендердин шартын бузуу менен, алдын ала сүйлөшүү аркылуу аткарылбаган жана бүтпөгөн курулуш иштерге жумуштар аткарылды деген негизде жеке жактарга 12 480 199 сом акча каражатын мыйзамсыз которушуп, мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтиришкендиги такталды.

Баткен шаарындагы курулушу бүтпөгөн облустук медиа борбордун административдик имараты үчүн — 11 млн 414 миң 987 сом, ошондой эле Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы орто мектептин окуу корпусу үчүн  — 1 млн 065 миң 212 сом негизсиз которулган.

Топтолгон материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды.

Количество просмотров: 65