• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Баткендеги соодагер: Тажиктер дүкөнүмдү өрттөп, 3 млн чыгым болдум

23 Аяк оона 202213:20 Бишкек Govori.TV

Тажиктер дүкөнүмдү өрттөп, 3 млн сом чыгым болдум. Бул тууралуу журналисттерге Интернационал айылынын тургуну Мухаммаджон Абдыманаев билдирди.

«Жаңжал 16-сентябрь күнү саат 8:15тер чамасында башталды. Тажик жарандары бастырып кирип, дүкөндөрдү тоношту. Керектүү буюмдарды унааларына жүктөп, өрт коюп кетишти. Жаз айында болгон жаңжалда бул жерге жетишкен эмес, анда Аркадагы үйлөр өрттөрлгөн. Бул жакта турган дүкөндөр меники, бери жагы дегенде эле 3 млн чыгым болдум»,-деди ал.

Кошумчалай кетсек, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Баткен облусунда талкаланган турак үйлөрдүн саны 432ге жетти. 285 короо-жайлар, мал сарайлар жана чарбалык объектилер, 6 мектеп, 6 бала бакча, 2 саламаттык сактоо уюму, 9 административдик имарат, 26 автоунаа жана башка турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу 171 объект талкаланган.

Количество просмотров: 347