• Шейшемби 21 Жалган куран 2023
  • Вторник 21 Март 2023

Баткенден Ак-Сай айылына акысыз маршрутка каттай баштады

19 марта 2023 в 10:48 Бишкек Govori.TV

Баткен шаарынан Ак-Сай айылына акысыз маршрутка каттай баштады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, маршруттук каттам күн сайын эртең менен саат 08:40да Баткенден Аксай айылына, ал эми кечинде саат 17:00дө Аксай айылынан Баткен шаарына жөнөйт.

Белгилей кетсек, буга чейин Аксай айылынын тургундары облус башчысына аталган маршрут боюнча каттам уюштуруу маселеси менен кайрылган.

Количество просмотров: 187

Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүү керекпи?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда