• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кар калың түшкөн Ак-Сай, Арпадагы малчыларга жардам берилди

3 Кулжа 20259:24 Бишкек Govori.TV

ӨКМдин куткаруучулары кар калың түшкөн Ат-Башынын Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүнө барып малчылардан кабар алды.

Маалыматка ылайык, Арпада кардын калыңдыгы 20-25 см болсо, Кында ашуусунда, Ак-Сайда 15 сантиметр жааган. ӨКМ бул жактагы чабандар менен байланыш бар экенин билдирди.

Тоютсуз калган малга ээлери жем-чөп жеткирип, Казыбек жана Кара-Суу айыл өкмөттөрү техникадан жана күйүүчү майдан жардам берип жатканы айтылды. Жайлоого эрте чыгып кеткен айрым чабандар аба ырайынан улам кайра ылдый түшкөн.

Количество просмотров: 143