• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Баткендиктер чек ара маселеси боюнча президентке кайрылуу жасашты

14 Бирдин айы 2021 16:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-февралда Баткен районунун Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр, Көк-Таш айыл өкмөттөрүнүн, Лейлек райондорунун тургундары  чогулуп, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты. Алар өлкө башчысынан чек араны тейлеген органдардан, жергиликтүү бийлик органдарынан кыргыз-тажик чек арасындагы маселени тез арада чечип берүүнү талап кылышууда.

«Чек ара маселесине тез арада чечкиндүү кадамдарды жасаңыз. Кошуналар күндөн күнгө жылып келе жатат. Чек араны тактаган органдарга туура кадрдык тандоо жасаңыз», — деди Баткендин жашоочусу.

Топтолгондор ошондой эле чечилбес чек ара чырына буга чейин да эч бир бийлик жарытылуу көңүл бөлбөгөнүн айтып, нааразы болушту.

Количество просмотров: 1040