• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Баткендиктерге көрүлгөн камкордук калктын купулуна толдубу?

23 Аяк оона 2022 18:37 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармакта спорт ордосунда апалардын пол үстүндө уктаган сүрөттөрү тарап, мамлекетке бир катар сындар айтылган. Журналист Канышай Мамыркулова жардам сурап келген жарандан документ талап кылгандарды сынга алган.

«Жардам күтүп отурган элди “кат жазгыла” деген мэриянын айрым кызматкерлери, силер койсуңар. Туурасы ушул. Активисттердин эмес, силердин милдетиңер»,-деп жазган.
Мындай окуяга кабылган жарандар дагы муну ырасташты. Алардын айтымында жардам сурап барган учурда паспорту болбогонуна байланыштуу жардам алалбай калган.

Мындай жагдайдан кийин биздин жумуштук жамаат аталган окуяны чагылдырууда Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери тарабынан кысымга кабылып, тартууга мүмкүнчүлүк берилбей жатты. Алардын пикири боюнча ал жагдайды чагылдырсак, тажик тарап бизди шылдыңдайт экен.

Айла жок «Баткенге жардам» аттуу гуманитардык жардам боюнча республикалык штаб өз ишин аяктап, отчету тууралуу маалымат жыйын болоору айтылып, күтүүгө туура келди. Жыйындын жүрүшүндө Баткенден келген 5миңден ашуун жарандын ичинен 1500ден ашуунун гана мамлекет турак жай менен камсыздаган. Калгандары туугандарынын үйүндө баш калкаласа, айрымдары өлкөнүн эр азаматтары тарабынан берилген жайда күн өткөрүшүүдө.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Баткенден келген жарандар менен айрым учурда пикир келишпестик болгонун айтат. Анткени алардын басымдуу бөлүгү бишкектен турак жай таап берүүнү талап кылган.

Ал арада жөнөкөй атуулдар өздөрүнүн соода борбору үчүн даярдап жаткан имараттарын баш калкалоо үчүн беришүүдө. Бул жайда учурда 140 баткендик жарандар жашайт. Алардын 60ка жакыны жаш балдар.

Жыйынтыктап алганда мамлекет Баткенден келгендердин бир бөлүгүнө гана көмөк көрсөтө алды. Калгандарына элдин биримдиги аркылуу жардам көрсөтүлүүдө.

Количество просмотров: 153